Канаттууларга камкордук
Алтымыш негизги мектебинде 21-февралдан 4-апрелге чейин , «Канаттууларга камкордук» көрүү максатында тоют мамысын даярдоо экологиялык сынагы жарыяланган. Уяны 5-8-класстын окуучулары жасап келишти, жалпысынан 12 уя жасалды. Алардын ичинен мыктылары тандалып, райондук турга алып барылды. Алар: 7-класстын окуучусу- Ибраимов Мирбек жана 8-класстын окуучусу Саманчиева Махабаттын кол эмгегинен жасалган иштер болду. Андан тышкары «Кыргызстандын экологиянын коргоо» тууралуу мектептин «Манас» жаштар уюму реферат жасашты. Ошону менен катар маданият камитеттери тарабынан «Канаттууларды коргоо» тууралуу чакырык иретинде видео-слайддар жасалып, көрсөтүлдү. Жасалган уялардын баардыгы мектептин тегерегиндеги бактарга илинди.
Комментарии