Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Алтымыш жалпы билим берүү негизги мектеби  1987-ж курулган бала-бакчанын имаратында жайгашкан типтүү эмес мектеп.  Ал 1 кабаттуу, 1 окуу корпусу бар жана 7 класс кабинети,  2 кичи кабинети, 1 спорт аянтчасы, волейбол жана баскетбол площадкасы, 12 орунга  ылайыкталган ашканасы бар, ошондой эле электр жылытуу системасы менен иштейт.

Мектеп негизги болгондуктан азыркы учурда мектепте 1-9-класска чейин 75 окуучу,  480 саат даярдоо классында 10 окуучу, жалпы мектепте 85 окуучу окуйт.  Окутуу 2 сменада жүргүзүлөт.

 

2021-2022-окуу жылында 9 класс комплекттелип окуп жатат.

Мектеп жетекчиси:  Джусупова Нургул Султановна

Тел. (0703110175)

Эл.почта  [email protected]

Биз жөнүндө 

 

Мектептин концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Мектептин усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»